КӨҢҮЛҮНӨ ИЛБӨӨ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Назар салбоо, маани бербөө, көңүл бурбоо. Улуу деп сыйлап отурсам, уруулуу кыргыз көп элди көңүлүңө илбейсиң («Эр Табылды»).
КӨҢҮЛҮНӨ ИЛБӨӨ же назарына илбөө Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Көңүлүн бурбоо, назарына албоо, маани бербөө. Улуу деп сыйлап олтурсам, Уруулуу кыргыз көп элди, Көңүлүңө илбейсиң («Эр Табылды»). Атасы менен Бөкөйдүн, Айтып жаткан сөздөрүн, Назарына илген жок («Саринжи-Бөкөй»).